Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:39

Мэрия: Окуучу үчүн иштен алынган айдоочунун күнөөсү болбогону аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

11 жаштагы баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койду деп иштен алынган №7 автобустун айдоочусу күнөөсүз экени аныкталып, кайрадан ишке алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэриядан билдиришкендей, видеожазууларды деталдаштырып кароо учурунда айдоочу окуучуга эч кандай укуктук негизге каршы мамиле кылбаганы аныкталган. Бала өзү бара турган акыркы аялдамадан түшпөй, кайра артка кеткен. Бир канча убакыттан кийин гана ал акчасын жоготуп алганын айтып, автобустан өзү түшүп кеткен. Окуучунун апасы уулу калп айтып койгонун мойнуна алып, айдоочудан кечирим сурады.

20-декабрда "24.kg" сайтына Бишкектин жаңы конуштарынын тургуну кайрылып, №7 автобустун айдоочусу баласын үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге таштап салганын айтып даттанган. Баланын апасы буга окуучу 8 сом жол киресин жоготуп алып, жол кирени төлөй албай калганы себеп болгонун билдирген. Ал караңгы кирип кеткендиктен баласынын коопсуздугуна кабатыр болушканын айтып, №7 автобустун айдоочусуна чара көрүүнү өтүнгөн.

Калаа жетекчилиги окуяны териштирүүдөн кийин айдоочу иштен алынганын кабарлаган.

Сентябрда Бишкекте коомдук транспортто улгайган аялды урушуп, түшүрүп салган №11 троллейбустун айдоочусу жумуштан алынган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG