Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Жалал-Абадда жарыгы өчкөн айылдарга электр энергиясы берилди


Тоолуу аймактагы электр чубалгыларын оңдоо ишине тартылган кызматкер. 22-декабрь 2019-жыл
Тоолуу аймактагы электр чубалгыларын оңдоо ишине тартылган кызматкер. 22-декабрь 2019-жыл

22-декабрдын түнүндө авариялык кырдаалдан улам электр жарыгы өчкөн айылдарга толугу менен жарык жеткирилди. Бул тууралуу "Жалал-Абад электро" ишканасынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Сузак, Базар-Коргон райондоруна жана Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичи райондоруна электр тогу үзгүлтүккө учураган. Калың кардын айынан Сузактагы подстанцияларда чубалгылар үзүлүп, айрым мамычалар оодарылып кеткен. Калыбына келтирүү жумуштарына 32 ыкчам топ тартылып, техника бара албаган аймактарга энергетиктер ат менен жөө барышкан. Учурда облустун бардык аймактарындагы тургундарга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат.

21-декабрдагы калың карга байланыштуу Сузак, Базар-Коргон районунун жана Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунун тургундары да бир күн жарыксыз отурушту. (RsK)

XS
SM
MD
LG