Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш тандалма жүргөн жок, саясий куугунтук тууралуу айыптоолор негизсиз. Мындай оюн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн жыл жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирди.
Жээнбеков президент болгондон тарта эле коррупция көйгөйүн Коопсуздук кеңешинде карап баштаганын, ошонун жыйынтыгын январь айында талкуулап, кандай натыйжа болуп жатканын сурай турганын билдирди.
Ал эми саясий репрессиялар тууралуу суроого президент төмөнкүдөй жооп берди:
- АКШнын бир коомдук уюму камалган мурдагы жетекчилер, айрыкча премьер-министрлер боюнча “саясий өңүттө камалган” деп айткан сөзүнө “Эгерде бир мамлекеттик бюджеттин беш пайызын бир долбоор менен уурдап алып чыгып кетсе эмне кылат элеңэр, ошол да саясий куугунтук болобу?” деп жооп бердим.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Соттолуп жаткандар арасында мурдагы эки премьер-министр бар.
Президенттин быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөнү кабарланган. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер. (BkA)