Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:30

Апта: ЖЭБ сотунун өкүмү, бажыдагы иштерди иликтөө


Сот маалы.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

ЖЭБ сотунун өкүмү

6-декабрда Свердлов райондук соту Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу бир катар мурдагы аткаминерлердин үстүнөн дээрлик 10 ай жүргөн иш боюнча өкүмүн чыгарды.

Аталган кылмыш иштери азыркы жана мурдагы президенттердин ымаласын сууткан жагдайлардын бири болгону да белгилүү. Ошондуктан бул сот жараяны азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун бийлигин, анын коррупцияга каршы күрөштөгү алган багытын сынаган иш болору башынан эле айтылып келе жатты.

Бишкек жылуулук борборун жаңылоо ишине байланыштуу мурдагы президент Атамбаевдин тарапкерлери, анын ичинде экс-премьер-министр Сапар Исаков баштаган адамдардар камакка алынган.

Атамбаев бийликтен кетерде өзүнө ишенимдүү адам катары дайындатып кеткен Исаковду депутаттар дал ушул ЖЭБ чырынан кийин, былтыр апрелде өкмөт башчы кызматынан алган.

Свердлов райондук сотунун 6-декабрдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев соттун өкүмүнө «саясий чечим» деп баа берди.

- Биз ушундай өкүм чыгарын билгенбиз. Тогуз айдагы соттук иште прокурорлордун бир да айыптоосу бекемделген жок. Ар бирин жокко чыгардык. Бул саясий буйрук менен ойдон чыгарылган иш. Бул Сапар Исаковду түрмөгө отургузуу максатында козголгон иш. Бул өкүм бийлик «эмнени кааласам ошону жасайм» дегендин белгиси. Жылуулук электр борборун модернизациялоодо эч кандай кылмыш жок. Тескерисинче, өлкөгө пайда алып келген. Ошондуктан айып тагылган сегиз кишини тең коё бериш керек болчу.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажырады. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди.

Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулду.

Судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеди. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошотту.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынды.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Мурдагы премьер-министр Исаковдун жактоочулары өкүм боюнча кийинки соттук инстанцияга кайрыла турганын билдиришти.

Ошол эле кезде Сапар Исаков Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишинде да негизги айыпталуучулардын бири катары өтүп жатат. Музейдеги коррупция тууралуу Исаков кызматтан кеткенде айтыла баштаган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын билдирген. Сапар Исаков кылмыш иштерин саясий негизде козголгон деп билдирип келе жатат.

Жогорку Кеңештин "жарым-жартылай" баасы

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы өкмөт жүргүзүп жаткан күрөштү “канааттандырарлык” деп таап, ал эми аткезчиликке каршы күрөштү «жарым-жартылай» колдоду. Ошол эле кезде өкмөттүн ишине бул баа ашыгырак берилип калганын белгилеген депутаттар да болду.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов муну менен парламент өзүн өзү жаман көрсөтүп алганын айтты жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон «эмки алты айлыкта алгылыктуу иштерди жасагыла» деп талап кылды.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш да, аткезчиликке бөгөт коюу аракети да акыркы кезде кыргыз коомундагы көп талкууланып жаткан темалардын бири. Ушул эки маселени парламент депутаттары 5-декабрда карады. Жыйынга ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышып, 2019-жылдын башынан бери 126 кылмыш иши катталганын, былтыркыга салыштырмалуу 447ге көп экенин айтты. Ошондой эле ал оор кылмыштар көбөйгөнүн белгиледи.

Министр кылмыш иштеринин көбөйүшүнүн себебин жаңы кодекстерге ылайык мурда токтотулган кылмыш иштери да кайрадан карала баштаганы менен түшүндүрдү.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам каттоосунда 421 мүчөсү менен үч уюшкан кылмыштуу топ турат. Бул тууралуу министр Кашкар Жунушалиев 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:

- 2019-жылдын 10 айында жүргүзүлгөн ыкчам чаралардын негизинде уюшкан кылмыштуу топтордун 136 мүчөсү кармалып, алардын тогузунан ок атуучу курал алынган. Издөөдө жүргөн 13 мүчөсү кармалган. Алардын төртөө «Киши өлтүрүү», бешөө «Каракчылык», 12 мүчөсү «Опузалап талап кылуу» жана «Адам уурдоо», «Зордуктоо», «Алдамчылык» беренелери боюнча айыпталган.

Өкмөттүн аткезчиликке каршы күрөшү

6-декабрда парламент өкмөттүн аткезчиликке каршы күрөшүн да «жарым-жартылай» колдоду. Атап айтканда, өкмөттүн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жана аткезчилик менен ташылып келген товарларга каршы жүргүзгөн ишин Жогорку Кеңеш “жетишсиз” деп тапты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп эсептейт.

- Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузуп, мүлкүн камакка алыш керек. Жылаңач жүргөн аялды камчы менен коркутпай, ууруларды колго чабыш керек. Кыргызстанда аткезчилер керек болсо биз менен тойго барышат. Чет өлкөдөн кымбат мүлк алып, партия түзүп жатат. Биз ошого жол бербешибиз керек. ИИМ «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жок» дейт. Бажы болсо «аткезчилик жок» дейт. Мүмкүн кагаз жүзүндө жок. Бирок эл билет.

Парламент уюшкан кылмыштуулукка жана аткезчиликке каршы күрөштү жалпы жыйында талкуулоосу «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрү чыккан учурга туш келди.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айында жарык көргөн алгачкы иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык уйгур ишкери Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, анда бул маалыматтарды Саймаити өзү журналисттерге бергени маалымдалган. Бул акча чыгарууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы бар экени белгиленген.

Ушул эле иликтөөнүн үчүнчү бөлүгү 2-декабрда жарыяланды.

6-декабрда Жогорку Кеңеште да журналисттик иликтөөлөр тууралуу бир канча жолу сөз болду.

Депутаттардын суроолоруна жооп берген өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандан чыгарылган акча бизнестин акчасы деп түшүндүрүп жатышты.

- 700 млн. доллардын мамлекетке, бюджетке тиешеси жок. Муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеген, - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков​.

Ошол эле кезде миллиондогон акчаны накталай, күмөндүү жолдор менен чыгарып кетүүнүн өзү мыйзамсыз экенин белгилеген депутаттар да болду.​

Жеңиш Разаков чет өлкөгө 10 миң доллардан ашык акча декларацияланбай чыкса ал аткезчилик деп эсептелерин айтты. Муну Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Султан Мамасадыков да ырастады:

- 10 миң долларга чейин оозеки эле айтып, акчаны алып чыгып кетсе болот. 10 миң доллардан ашкандан кийин сөзсүз декларациясы болушу керек. Декларациялангандан кийин ал акчаны алып чыга берсе болот. Ал эми 10 миң доллардан ашкан акча декларацияланбай чыгарылса - бул аткезчилик.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент трибунасынан билдирүү жасап, укук коргоо органдарынын иликтөөсүн күтпөй туруп эле журналисттер таап чыккан далилдерди жокко чыгарууга аракет кылды.

- Ал акча ошол эле «Дордойдо», «Мадинада», «Кара-Суу» базарында эмгектенип күнүнө 5-10 миң доллар, айына 100 миң доллар тапкан, кышы-жайы кийим-кече саткан эже-апаларыбыздын, ини-агаларыбыздын акчасы. Алар акчасын чогултуп Кытайдан, Түркиядан товар алыш үчүн жиберүүгө мүмкүн убактысы жок. Же акча көп кетип калат. Алардын акчасын бир жерге топтоп, аэропортко алып келип декларация толтуруп, учак менен барып ошол мамлекетке жеткирип берген адамдар бар. Бул мыйзамдуу, - деди сикер Дастан Жумабек парламентте.

Адатта жогорку кызмат адамдарынын мындай билдирүүлөрү тергөөдө укук коргоо органдарына кысым катары бааланган учурлар бар.

Жогорку Кеңештин төрагасынын буга чейин да бажыдагы жемкорлукка байланыштуу аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду бир нече ирет коргоп чыкканы коомчулуктун сынына кабылган. Быйыл 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр жана депутаттардын жоон тобу барганы, аларды мактап сүйлөгөнү катуу сынга алынган. 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында спикер Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөгөн.

Иликтөөдөгү маалыматтар

Быйыл октябрь айында «Мадина» базарында соода кылган Кытай жараны Хуфур Абдурахеман аттуу ишкер киши колдуу болгон. Бул кылмышты иликтөөнүн алкагында жети адам кармалды. ИИМ алар Абдурахеманды тоноо үчүн өлтүрүшкөнүн кабарлады.

Андан кийин 23-октябрда «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Милиция анын өлүмүнө шектүү катары эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланганын билдирген. ИИМдин маалыматы боюнча, киши колдуу болгон адам акча ташуу менен алектенген, аны өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалгандардын жанынан 100 миң доллардан ашык акча табылган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин чогуу жүргүзгөн иликтөөнүн 4-декабрда жарыяланган бөлүгүндө ушул адамдардын өлүмү, алардын Кыргызстанда мыйзамсыз жолдор менен акча ташыган түйүнгө байланыштары тууралуу да сөз болгон.

Журналисттердин иликтөөсүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акчалар мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акчалар адалданып турганы да айтылган. Ушул түйүндөгү негизги адамдардын бири болгон, 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринде атып өлтүрүлгөн кытайлык уйгур ишкери Айеркен Саймаити тууралуу да сөз болот. Журналисттерге маалымат берген булактар бажыдагы күмөндүү иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдин тишеси бар экенин айтса, иликтөдө анын аялы Хабибулла Абдукадыр менен бирге Дубайда чогуу бизнес кылары дайын болгон.

Журналисттердин иликтөөсүнөн улам Башкы прокуратура 22-ноябрда Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 6-декабрда (УКМК) журналисттик иликтөөдө айтылгандарга байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов сурак беришти.

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы экс-консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков күбө катары суракка чакырылган.

УКМК белгилегендей, журналисттик иликтөөнүн негизинде Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материалдарды каттаган.

«Тергөө объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө калыс жүргүзүлүп жатат», деп белгиледи УКМК.

6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен экинчи ирет сурактан чыккан Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандарды жокко чыгарды.

Матраимов кабарчылардын суроосуна жооп берип, соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирди. Мындан тышкары ал иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, мындан улам журналист Али Токтакунов менен активист Ширин Айтматованы сотко бергендигин, “Азаттык” радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын айтты.

Ошол эле кезде Матраимов журналисттердин "Айеркен Саймаити эмнеге Матраимовдордун фондуна 2,4 млн. $ которду? Миллиондорду чыгартып кеткен Хабибулла Абдукадырдын бир тууганы менен Райымбек Матраимовдун аялы кандайча Дубайда чогуу 5 кабат мейманкана, үй салып атышат? Дубайдагы 12,5 млн. долларлык 3 мүлктү кайсы акчага алды? Бажы башчысынын орун басары болуп турган убакта алынган ал мүлкү эмнеге декларациясында көрсөтүлгөн эмес?" деген суроолоруна жооп бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (26)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG