Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Коррупцияга каршы күрөштү өзүбүздөн баштайлы


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Азирет Бердибеков жиберген сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.

Коррупция деген эмне? Коррупциянын аныктамасына кайрылсак, коррупция - бул «мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү тарабынан ээлеген кызмат ордуларын, кызматтык укуктарын жана бийлигин, мыйзамсыз байлык чогултуу, жеке материалдык жана башка жыргалдыктары үчүн колдонуу».

Демек коррупция өнүккөн өлкөлөрдө жеке адамдар ээлеген кызматынан пайдаланып, өз кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору коюп, көптөгөн мыйзам бузууларга барышат. Мындай мыйзам бузуулар мамлекеттин, элдин капчыгына кол салуу өлкөнүн экономикасына, өнүгүүсүнө сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизет. Жада калса экономикалык жактан арткы катарларда келаткан чакан мамлекеттердин суверендүүлүгүнө да коркунуч жаратпай койбойт.

Тилекке каршы биздин өлкөбүздө да атомдук электр станция жарылып, элдин баары радиацияга ууланган сыяктуу мамлекетибиздин басымдуу катмары коррупцияга ууланып турган кези.

Жылдан жылга жаңы экономикалык системаларды түзүп өнүгүү стратегиясын алдыга коюунун ордуна жыл сайын жаңы коррупциялык система түзүп жаткандайбыз. Бул коррупциялык системалардын басымдуу бөлүгү президенттик жана парламенттик шайлоо убагында түзүлүп жатканы баарыбызга эле ачык-айкын көрүнүп турат.

Жеке оюмда биздин өлкөбүздө бул илдетке каршы күрөшүүнү биринчилерден болуп шайлоо системасын өзгөртүүдөн башташыбыз керек. Алдыбызда өлкөбүз үчүн маанилүү болгон кезектеги парламенттик шайлоо жакындап калды. Бул шайлоону да эски система менен өткөрүп кайрадан капчыктуу бизнесмендер, коррупция илдетине кабылган мурунку жана азыркы коррупциялык системалардын авторлору менен парламентибизди толуктап алсак, дагы кезектеги шайлоого чейин эч кандай өзгөрүү болбошуна шек жок.

Акыркы убакта бир катар эл өкүлдөрү жаңы шайлоо системасын сунуш кылып келүүдө, тилекке каршы бийликтин бир да бутагынан колдоо көрүнбөйт. Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жалпыга маалымдоо каражаттары гана камсыздап, коомчулукка чагылдырып бере алат. Албетте эгерде бийликтен же болбосо жеке адамдан көз каранды эмес болсо, коопсуздугуна кепилдик бар болсо, бир тараптуу эмес болсо жана сөз эркиндиги сакталса. Бирок өлкөбүздө бул тармакта да мыйзамдар сакталбай бир топ аксап келүүдө.

Дүйнөдөгү коррупция менен күрөшүүдө ийгиликке жеткен мамлекеттерди карап көрсөк. Мисалы: Сингапур, Гонконг, Швеция, Португалия ж.б. Бул өлкөлөрдүн тандаган ыкмалары ар башка болгону менен башкы максаты бул илдеттен арылуу болуп, бул багытта алып барган иштери жемиштүү болгон. Коррупция менен күрөшүп бул илдеттен арылса болоорун далилдешкен.

Биз да көп учурда ушул сыяктуу мамлекеттерди мисал келтирип коррупцияга каршы күрөшүүдөгү системасын колдонуп, өлкөбүздө жайылган илдеттен арылууну самайбыз. Бирок ал ыкмалар менен таанышып чыксак биздин өлкө үчүн канчалык деңгээлде жемиштүү болушу, бийлик башында турган азаматтардын коррупцияны түп тамыры менен жулуп салууга канчалык деңгээлде кызыкдар, ошондон көз каранды экенине ынансак болот.

Тандап алган системабыз канчалык жогорку денгээлде болбосун анын ийгилиги аткарылышынан көз каранды. Азыркы бийлик өкмөт, парламент коррупцияны туп тамыры менен жулуп салууга кызыкдарбы, саясий эрки жетеби? Бул суроого ооба деп ишенимдүү жооп бере албайбыз. Ачыгын айтканда бийлик өкүлдөрүнө болгон ишеним карапайым калк арасында өтө төмөн. Бул азаматтар кайдан чыкты? Асмандан түштүбү? Же башка өлкөдөн келип отуруп калыштыбы? Жок, өзүбүздүн арабыздан, өзүбүздүн коомдо такшалып, тарбия алып чыккан адамдар.

Коррупция бир гана мамлекеттик башкарууда өкмөттө же парламентте тамыр жайган деп айтуудан алысмын. Бул илдет карапайым калк арасында да кеңири жайылганы жалпыбызга белгилүү.

Демек дүйнөдөгү коррупция жок деп аталган 50, 30 же 10 мамлекеттин катарын толукташ үчүн бул илдетке каршы күрөштү өзүбүздөн башташыбыз зарыл. Көптөгөн мамлекеттер Конфуций жана ушул сыяктуу даанышмандардын айткан акыл кептерин колдонуп келет. Биз көп узабай өзүбүздүн чыгаан инсаныбыз Исхак Раззаковдун айтканын эске салсак: «сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот». Бул идеологияны коомчулукка сиңирип өлкөбүздүн келечеги ар бирибизден көз каранды экенин түшүнүп жеткенде гана, кайдыгерлигибизди токтоткондо гана бул илдеттен арыла алабыз.

Келечектеги президентибиз да бийлик бутактарын толуктаган азаматтарыбыз да өзүбүздүн чөйрөнүн таасирин алып өз коомубуздан такшалып билим алып чыгаарын унутпоо зарыл. Бул идеологияны көтөрүп коомчулукту артынан ээрчите турган инсандар арабызда жок эмес. Коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу керек болсо бул иш-чараны өкмөт, парламент колдоого алып мамлекеттик деңгээлде иш чараларды уюштуруп коомчулукка жайылтуу зарыл. Азыркы учурда президентибиз да коррупция менен күрөшүү багытына басым жасап жатат. Карапайым эл алардын арасында акылга, күчкө, энергияга толгон биз жаштар жаңы чакырык, жаңы жашоо, өнүккөн мамлекет самап турган чакта чоң бурулуш жасай аларыбызга ишенем!

Коомчулуктун идеологиясын өзгөртүү, мындай жол менен коррупцияны түп тамыры менен жоюу көпчүлүккө жомоктой сезилиши мүмкүн. Бирок бул заман талабы болуп турат. Заман талабы келген кезде көптөгөн элдер канын төгүп мамлекетин сактап калышкан. Башында мисал кылып өткөндөй атомдук электр станция жарылганда жапон эли келечек үчүн деп өз эрки менен радиацияны тазалап өз жандарын курман кылышканын эске алуубуз керек.

Ал эми бизден талап кылынган нерсе бир гана жеке кызыкчылыгыбызды мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койбоо. Бул идеологияны көтөрүп ишке ашырууга эркибиз жетет деп ишенем! "Элинин пейилине жараша падыша келет" деп бекеринен айткан эмес даанышмандар.

Кыргызстан - бул сен жана мен!

Азирет Бердибеков

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG