Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:51

Жемкорлукту жетекчи жок кылат


Кыргызстанда канткенде коррупцияны түп-тамырынан жоё алабыз же бул терс көрүнүштөрдү сезилерлик азайта алабыз?

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Абдиев Жайлообай жиберген сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.

Жетекчинин жеке өрнөгү – бул маселеде чечүүчү роль ойной ала тургандыгына бөркүңүзгө ишенгендей ишене берсеңиз болот. Коомдук турмушубуздун башыбыздан өткөн бардык баскычтарында эл жетекчилерди карап түздөнгөн, алардын айткандарын даңаза кылып, аларды кынтыксыз аткарышкан.

Мамлекеттик жогорку деңгээлдеги Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев өңдүү республикалык, аларды кумир туткан бир катар республикалык, облустук же жергиликтүү жетекчилердин катары арбын. Алар бар болгон үчүн коом жаңырып, алардын калыстыгынан кыргыздар жана кыргызстандыктар сакталып тургандай.

Биз үчүн, жаш партиялык кызматкер катары акылыбыздын жетишинче анализдеп баа бердик эле. Абсамат Масалиевич Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Көл облусунун 1-катчысы болуп иштей баштаганда жубайы (эже) Пржевальскийдеги тигүү фабрикасында катардагы тигүүчү болуп ишке кириптир. Ал кезде жумушчуларга түзүлгөн шарт, санитардык талаптар деле өз жайында эмес экен. Эже күн сайын 8 саат тынбай иштеп, бутун тарта албай калган чарчаган абалда үйүнө кетип жатканын көргөн фабриканын администрациясы эжеге айтышат:

"Сиз үйдөн агайга да шарт түзүп жардам беришиңиз керек, макул болсоңуз сизди мындан айлык маянасы жогорураак административдик жеңил жумушка которуп коёлу деп сүйлөштүк",-дешет.

Эже чочуду дейт: "Абсамат бул жөнүндө укпасын, баары бир макул болбойт, мени жайыма койгулачы",-дептир.

Фабриканын администрациясынын, профсоюз жана башка коомдук уюмдарынын жетекчилери ушул иш боюнча обкомдун 1-катчысына киришет да:

"Сиз макул болуп коюңуз",-деп өтүнүшөт.

"Ар бир адам өзүнүн адистигин, кесибин сыйлашы керек. Эжеңер ушул жумушту өзү тандап алган, жөн койгула, ал жерде өзүн көрсөтсүн, жаштарды тарбияласын",-деп жооп кайтарыптыр.

Айткандай эле, цехте эмгек тартиби, сырьёну үнөмдөө, пландуу көрсөткүчтөр жакшырып, маяна көбөйгөн дешет. Бул цехтин мисалында фабриканын башка бөлүмдөрү да эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан. Өткөн мезгилдеги Кыргызстан Компартиясынын Нарын обкомун жетектеген маркум Матен Сыдыков, обкомдун II катчысы Иван Афанасьевич Долгополов, партиянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ораков Анатолий Михайлович иштеп турушканда алардын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары экендигин билген адамдар облуста болушту бекен?

Ар жылда 9-майда белгиленүүчү Улуу жеңиштин күнүндө жарандардын аскердик парадын кабыл алгандан башка бул адамдар башкалардан эч айырмаланышкан жок да.

Жогоруда айтылган адамдардын тизмеги Кыргызстандын ар бир айылындагы, районундагы, облусундагы жана аймактарындагы кызмат даражасы бийик, бирок өздөрүнүн басмырттыгы, жупунулугу, сабырдуулугу, элге берилгендиги менен айырмаланган көптөгөн адамдардын аты-жөнү менен ишенимдүү уланар эле. Алар жетекчи деген ары түйшүктүү, ары ардактуу, жоопкерчилиги чоң тагылган милдетти абийирдүүлүк менен аткарышып элдин эсинде калышкан.

Дегеле, жетекчи деген кайда өзү? Ал айылдабы же райондук, облустук деңгээлдеги, республикалык масштабдагы же улуттук маанидегиби – айтор, өзүнчө социалдык топту, катмарды түзүшөт деп түшүнсө болот. Анын орду чоң же орто сандуу жамааттарда же чакан эле адамдардын башын кошкон топто кырда отурат. Кыйкырган үнү алыска жетип, үнү, өңү жагымдуу, айткан сөзү жугумдуу болуп аткарылып жатат.

Андыктан, "Азаттык" жарыялап жаткан жети баштуу желмогузга теңдеш коррупциялык элементтер, көрүнүштөр, алардын жашоо, гүлдөп өсүп-өнүгүү жолу дал ошол жетекчилердин колунда деп тартынбай эле айта алам. Ошондуктан, коррупциянын алдын алуу, аны ооздуктоо, деңгээлин басаңдатууда жетекчинин жеке жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе принципиалдуу мааниге ээ болуп, күн тартибинде турушу керек.

Жетекчинин жеке жоопкерчилиги төмөнкүлөрдөн турат:

1. Мамлекеттик, административдик, же муниципалдык, же аларга кирбесе да тигил же бул тармакты жетектөөгө, анын алдындагы милдетти чечүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, анын эффективдүүлүгүн жогорулатууга, түпкү натыйжаларды камсыздоого чакырылган. Ал ошол тармактын адиси же менеджер, уюштуруучу. Демек, биринчи талап адистикке, рационалдуулукка, демилгелүүлүккө, технолог, менеджерликке, өндүрүштүк жоопкерчиликке такталат. Коомдук өнүгүүнүн өткөн бардык урунттуу учурларында жетекчилерге бул сапаттар менен чектелүү жетишсиз болгон. Жетекчилердеги бир жактуулук өнүгүүнүн тормозу болуп келген.

2. Жетекчи – бул баарынан мурда тарбиячы, ага чейин өзү тарбияланууга чакырылган. Өзү жетектеген жамааттын башкы идеологу, өзү жашаган аймакта (айылда, кичирайондо, калктын жашаган орду боюнча кварталдарда ж.б.) калкты идеялык-саясий тарбиялоого, айылдын, шаардын, райондун, облустун алдындагы социалдык, экономикалык милдеттерди чечүүгө багыттоого (мобилизациялоого) милдеттүү болууга тийиш. Айрыкча, коррупцияга каршы күрөшкө коомдук ой-пикирди багыттоого басым жасалат.

Биз жогоруда жетекчилерге коюлган талаптар тууралуу айттык. Жетекчинин таасирдүү иш-аракеттери, сөзүнүн жугумдуулугу анын жеке жүрүм-турумуна, жеке жашоосунун тазалыкка, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга берилгендигине барып такалат. Жетекчинин жеке жашоосунда жупуну, ак ниеттүү жана адамгерчиликтүү болуусунда эл менен жолугушуулар, ачык-айкын баарлашуулар, чечендик өнөрүнө ээ болушу маанилүү шарт болуп саналат. Мамлекеттин саясий системасында буга шарт түзүлүп, талап коюлушу шарт.

Турмуштук, иштик тажрыйбасы көп улгайган адам катары, "көкөйүбүзгө көк таштай тийген" коррупцияны чектөөдө жетекчилер кандай иштерди аткара алат, аларда кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтууга аракет жасадым.

Менин сунушум

Биздин оюбуздун ишке ашышынын негизги эле шарты "Кыргыз Республикасынын жетекчилер жөнүндө кодексин (Кодекс о руководителей КР) же "Кыргыз Республикасынын жетекчи кадрлар жөнүндө кодексти" (Кодекс о руководящих кадров КР) кабыл алуу өтө маанилүү. Анткени, жетекчилерге тагылып жаткан милдеттер Адам укуктарынын Эл аралык Конвенциясынын талаптарына кайчы келип калышы да ыктымал. Ошондуктан, бул мыйзамды Кодекстердин талаптарына ылайык кеңири жана ар тараптуу иштеп чыгуу жана коомдук талкууга чыгаруу, укуктук, этикалык жагдайларды иретке келтирүү талапка ылайык келет. Менин оюмча, мыйзамдардын демилгечилери Мамлекеттик кадр кызматы, КР Президентинин, Жогорку Кеңештин, КР Өкмөтүнүн тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери боло алышат.

Жетекчи түшүнүгү, анын квалификациясы, жетекчилерди даярдоо системасы, аларды тандоо, жайгаштыруу, тарбиялоо, жетекчинин кызматтык жоопкерчилиги жана администрациянын ишин көзөмөлдөй турган комиссиялар, жетекчинин калкты саясий тарбиялоого катышышы, жашоосундагы жеке өрнөгү жана башка көптөгөн маанилүү маселелер ушул Кодекстин мазмунун түзө алар эле.

Абдиев Жайлообай – коомдун ишмер, бир катар мамлекеттик, өкмөттүк сыйлыктардын, Ардак наамдардын ээси, персоналдык пенсионер.

722500, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы, Жолдубаев көчөсү, 32

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

Азаттык Фейсбукта

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG