Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:40

Биньямин Нетаньяху партиясындагы праймеризде жеңүүчү болду


Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц коалициялык өкмөт куроо тууралуу орток пикир таба алган эмес.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзүнүн "Ликуд" партиясындагы ички добуш берүүдө жеңүүчү болду. Аны партия мүчөлөрүнүн 72,5 пайызы колдоду. Эми Нетаньяху бир жылдын ичинде мөөнөтүнөн мурда дайындалган үчүнчү парламенттик шайлоодо партиясын жетектеп барат. Шайлоо келерки жылдын 2-мартында өтмөкчү.

Изарил парламенти коалициялык көпчүлүк курап, өкмөт түзүү аракетинен экинчи ирээт да майнап чыкпаганынан улам, ушул айдын башында өзүн өзү тараткан.


Сентябрдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоодо «Ликуд» партиясы 31 орун, ал эми Нетаньяхунун башкы саясий атаандашы Бенни Ганцтын "Көк жана ак" партиясы 33 орун алып, дагы "ит жыгылыш" болгон. Бардыгы болуп Кнессетте 120 мандат бар.

Быйыл май айында Израилде биринчи парламенттик шайлоо өткөн. Анда да премьер-министр коалиция түзө алган эмес.

Нетаньяху "Ликудду" 2006-жылдан тарта жетектеп келет. Ал эми премьер-министр болуп 2009-жылы дайындалган.

Ноябрь айында үч кылмыш ишинин алкагында ага айып тагылган. Тергөөчүлөр Нетаньяху өзү тууралуу оң маалымат тараткан телеканалдарга артыкчылыктарды берген, бизнесмендерге кандайдыр бир жардам убада кылып, алардан белек-бечкек алган деп билдиришкен. Нетаньяху болсо дооматтарды четке каккан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG