Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Матраимов: 60 миллион сом доону ойлонуп туруп койдук


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыкка» комментарий берип жатып үч медиага жана журналистке коюлган 60 миллион сомдук доо ойлонулуп коюлганын айтып, кыска жооп берди.

- Ар бир нерсенин чеги болот. Биз 60 миллион сом доону өзүбүз ойлонуп туруп койдук, - деди Матраимов.

Депутат Искендер Матраимов, анын бир тууганы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары 9-декабрда Кыргызстандагы үч медианы сотко берген.

Соттун кезектеги отуруму 2020-жылдын 20-январында болот. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарына жалпы өлчөмү 60 миллион сом доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары жарыялаган макала-баяндарында «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-декабрда Бишкекте журналисттер менен жолукканда жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес экенин айтып, сөз эркиндиги Кыргызстандагы маанилүү жетишкендиктердин бири экенин белгиледи.

Андан тышкары үч медиага коюлган доону жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар сындап чыгышты. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG