Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:53

ТИМ Сириядагы жана Ирактагы кыргызстандык балдар боюнча маалымат берди


Сириядагы качкындар лагериндеги аял баласы менен.
Сириядагы качкындар лагериндеги аял баласы менен.

Сириядагы жана Ирактагы кыргызстандык балдарды мекенине кайтаруу иши бул өлкөлөрдөгү саясий абал турукташканда кайра уланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдиргенин 30-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттиги кабарлады.

Имангазиевдин айтымында, учурда даярдык иштери уланууда.

“Балдарды алып келүү ишине кайта албай жатканыбыздын субъективдүү себептери бар. Ошол өлкөлөрдөгү саясий кырдаал себеп болуп жатат. Абал турукташкандан кийин ишибизди активдештиребиз” деп билдирди Имангазиев.

Өкмөт аталган өлкөлөрдөгү 70тей баланы алып келүү аракеттерин бир нече айдан бери карап жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан быйыл аталган өлкөлөрдөгү жүздөгөн мекендештерин, айрыкча балдар менен аялдарды кайтарып алды. (RK)

XS
SM
MD
LG