Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

HRW Орусиядагы мигранттарды бутага алган рейддерди айыптады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

“Хьюман Райтс Уотч” (HRW) укук коргоо уюму орус полициясынын декабрь айынын ортосунда мигранттарды бутага алган рейддерин айыптады. Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм өткөн аптада атайын билдирүүсүн жарыялады. Анда Орусиянын алты аймагында жүргүзүлгөн рейддерде мигранттар негизсиз кармалганы, алардын арасында Орусиянын теги орус эмес жарандары да бар экени белгиленген.

“Хьюман Райтс Уотч” Хабаровск шаарындагы рейдде кармалган автобус айдоочуларынын көбү Кыргызстандын жарандары экенин, алардын ичинде тажик жана өзбек атуулдары да болгонун эске салган. Мындан улам укук коргоо уюму орус бийлигин мигранттарга күч колдонгон полиция кызматкерлерин жоопко тартууга, негизсиз рейддерди токтотууга чакырды.

Хабаровскидеги мигранттар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою сабашканын билдиришкен. Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG