Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Баткен аэропортунун мурдагы жетекчисинин кайрылуусу иликтенип жатат


Нургазы Жаныбеков.
Нургазы Жаныбеков.

Баткен аэропортунун мурдагы жетекчиси Нургазы Жаныбековдун кайрылуусу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди.

- Ал жетекчилиги жана Баткен облусунунун прокуратурасы тарабынан басым болгонун айтып чыкпадыбы. Азыр эми анын жүйөлөрү текшерилип жатат, - деди Куватова.

Нургазы Жаныбеков Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев менен кер-мур айтышуусу тартылган видеону «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Анда ал Халмурзаев аны сөккөнүн билдирген. Кийинчерээк «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчиси Талант Исаков да кысымга алып жатканын айткан.

Ушундан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун билдирип, 31-декабрда өз арызы менен жумуштан алынды. Ал кызматтан кетишинин дагы бир себебин мекемедеги коррупциянын бетин ачуу аракети менен түшүндүрдү.

Ал буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго, Коопсуздук кеңешине жана «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Мурат Примбердиевге видео аркылуу кайрылган.

Ал эми Ош эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Мирлан Нишанбаев Жаныбековдун кызматтан кетишине прокурордун тиешеси жок экенин, ал кызматындагы кемчиликтери үчүн 2018-2019-жылдары сөгүш алганын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG