Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Учак кырсыгында кош бойлуу аялды коргоп калган жигит сыйланды


«Bek Air» учагы кырсыктаган аймак. 27-декабрь, 2019-жыл.
«Bek Air» учагы кырсыктаган аймак. 27-декабрь, 2019-жыл.

Алматынын полициясы өткөн аптада «Bek Air» учагы кырсыкка учураган кезде кош бойлуу аялды сактап калган 23 жаштагы Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырды. Шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы 2-январда билдиргендей, Кадауов «Өзгөчө кырдаалдын алдын алууда жана анын кесепетин жоюуда артыкчылык көрсөткөнү үчүн» деген медаль менен сыйланды.

Маалыматка ылайык, Кадауов учак жерге кулаганда жанында отурган кош бойлуу Гүлим Акишеваны өз денеси менен калкалап, учактан алып чыккан. Андан соң башка жүргүнчүлөргө да жардам көрсөткөн. Акишева кырсыктан бир күн өткөндөн кийин Кадауовго социалдык тармактар аркылуу ыраазычылыгын билдирген.

27-декабрда таңга маал Алматы аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жабыркаган.

Казак бийлиги кырсыкка навигациялык кызматтардын ишиндеги катачылык, техникалык мүчүлүштүк же экипаждын катасы себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG