Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

Түрк парламенти Ливияга аскер жөнөтүүгө макул болду


Түрк парламенти 2-январда чукул жыйынга чогулду.
Түрк парламенти 2-январда чукул жыйынга чогулду.

Түркиянын парламенти Ливияга түрк аскерлерин бир жылга жөнөтүүгө макул болду. Бул чечим парламенттин 2-январдагы чукул жыйынында колдоо тапты. Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму колдогон өкмөтүнө аскердик колдоо көрсөтүүгө уруксат берген документти 325 депутат жактап, 184ү каршы болду.

26-декабрда Түндүк Африкадагы бул өлкөнүн премьер-министр Фаиз Сараж жетектеген өкмөтү Анкарадан расмий түрдө аскердик жардам сураган. Аны улай Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер түрк парламенти жактырып берсе, Ливияга аскерлер жөнөтүлөрүн айткан.

Триполини көзөмөлдөгөн өкмөт Ливиянын чыгыш аймактарын колуна алган генерал Халифа Хафтар жетектеген «Ливиянын улуттук армиясы» менен тирешип жатат. Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираты жана Иордания колдору кабарланып келет.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтой элек.

XS
SM
MD
LG