Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Егор Скобеев үй камагына чыгарылды


Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун убактылуу кызматтан четтетилген жетекчиси Егор Скобеев үй камагына чыгарылды.

Тергөө менен кызматташууга барганы үчүн анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн 3-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан "Азаттыкка" билдиришти.

Скобеев ушул жылдын 21-сентябрында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Скобеев Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козгогон кылмыш иштин алкагында коррупцияга байланыштуу шек саналып жатканы айтылган.

Айрым сайттар ал Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча иште шектүү катары өтүп жатканын жарыялашкан.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG