Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

Ошто өз кызын зордуктап жүргөн киши эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Араван районунун тургуну 15 жаштагы кызын бир жылдан бери зордуктап жүргөнү ачыкка чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Араван районунун 44 жаштагы тургуну 15 жаштагы кызын зордуктаган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

- Аялынын көзү өткөндөн кийин 2018-жылдан бери кызын зордуктап жүрүптүр. Эки кыз, бир уулу бар экен. 1976-жылы туулган ата чоң кызын зордуктаган. Бул иш сотко өтүп, шектүү эки айга камакка алынды. Учурда кыздын атасынын психологиялык жактан оорулуу же оорулуу эместиги текшерилип жатат, - деди Жеңиш Аширбаев.

Милициянын малыматына караганда кызын зордуктаган ата күнөөсүн мойнуна алган.

Атасынан жыныстык зомбулук көргөн кыз учурда психолог дарыгердин кароосунда. Ал аймактагы кесиптик окуу жайлардын биринде билим алып жаткан. (MdN)

XS
SM
MD
LG