Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

ТИМ: Сириядагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштер ачык айтылбайт


Сириядагы тынч эмес аймактардын бири.
Сириядагы тынч эмес аймактардын бири.

Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайын тактоо жана алып келүү боюнча өкмөттүн иш-чаралары ачык маалымдалбаган ыкмада жүрүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин «Азаттык» радиосуна берген жообуна караганда, маалыматтардын таасирин эске алуу менен бул багыттагы иш-чаралар «кызматтык пайдалануу үчүн» грифи менен бекитилген.

Министрлик ал жактагы кыргызстандыктарды жана алардын балдарын алып келиш үчүн эл аралык уюмдар жана Сириянын расмий бийлиги менен кызматташуу уланып жатканын кабарлады.

Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайын тактоо иши уланып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2019-жылдын 2-декабрында маалымдаган.

Расмий маалыматтар боюнча, Сириядагы жана Ирактагы террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган кыргызстандыктардын саны 800дөй. Арасында 200гө жакыны ошол жакта каза болгон.

Учурда Ирактагы жана Сириядагы бозгундардын лагерлеринде отурган миңдеген кишилердин арасында кыргызстандык аялдар жана балдар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG