Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Жакындары Сирияда калгандар акыйкатчыга кайрылышты


Күрд козголоңчуга туткунга түшүп берген борбор азиялык аял баласы менен. Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.
Күрд козголоңчуга туткунга түшүп берген борбор азиялык аял баласы менен. Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.

Сирия менен Ирактын аймактарында качкындар лагеринде кыздары жана неберелери жашап жаткан ата-энелер акыйкатчы Токон Мамытов менен жолукту.

Бул тууралуу акыйкатчынын аппараты кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда жакындары лагерде калган ата-энелер акыйкатчыдан өлкөнүн президенти жана премьер-министри менен жолугушуу өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн. Алар буга чейин аялдарды жана балдарды мекенине алып келүү боюнча өкмөт түзгөн жумушчу топтон маалымат алууну суранышкан.

Токон Мамытов бул боюнча маалымат берип, колунан келишинче аракет кыларын билдирген.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайын тактоо иши уланып жатканын билдирген. 8-январда Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн бул багыттагы иш-чаралары ачык маалымдалбаган ыкмада жүрүп жатканын кабарлаган.

Расмий маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактагы террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган кыргызстандыктардын саны 800дөй.

Алардын арасында 200гө жакыны ошол жакта каза болгон. Учурда Ирактагы жана Сириядагы бозгундардын лагерлеринде отурган миңдеген кишилердин арасында кыргызстандык аялдар жана балдар бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG