Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

ИИМ: 2019-жылы 5000ден ашуун үй-бүлөдө зомбулук фактысы катталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө аялдарга карата зомбулук көкөй кескен мүшкүл болуп турганын билдирди. Бирок жабыркагандар көп учурда арыз жазбагандыктан, фактылар ачыкка чыкпай кала берүүдө. Бул тууралуу мекеме 9-январда билдирүү таратты.

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факты катталып, беш миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы административдик чара көрүлүп келген. 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстерде кылмыш жоопкерчилиги каралып, Жоруктар кодексинде онго жакын берене жазылган.

2020-жылдын башында эле Баткенде жана Нарында эки аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгону кабарланды. Экөөнүн күйөөлөрү камакка алынды. Ысык-Көлдө жубайына бензин куюп, өрттөгөн эркек да эки айга камалды. (SE)

XS
SM
MD
LG