11-январда айрым тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 4...6 градус болот.(BkA)