Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Чек ара кызматы Тажикстандын жаңжал боюнча маалыматын төгүндөдү


Баткен району.
Баткен району.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара аскерлеринин 10-январга карата түнү орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалыматын “чыныгы абалды бурмалоо” деп атады. Бул тууралуу кыргыз Чек ара кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда жаңжалды тажик жарандары баштап, үч саат бою Тажикстан тараптан гана ок атылганы айтылган. Жаңжал Баткен районундагы кыргыз -тажик чек арасында болгон.

“10-январга караган түнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагындагы инцидентке Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарын таандык эки автоунаа, андан соң үйгө таш ыргытуу менен чагым кылды. Үч саат бою Кыргызстандын аймагына улам-улам ок атып турушту. Мындан улам кыргыз тарап балдар менен аялдарды ок атылган аймактан чыгарып кетүүгө аргасыз болду. Ок атуу Тажикстандын аймагынан гана болду, Кыргызстандын жарандары курал колдонгон жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жаңжалдан соң Тажикстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү социалдык тармактарга комментарийлерди жазып, эки өлкөнүн жарандарынын пикир келишпестикти күчөтүп жатканына көңүл бурулган.

Мындан сырткары былтыр 29-декабрда Т. Сафарова аттуу тажик жараны өз туугандары менен жаңжалдашкан окуя боюнча кыргыз чек арачыларын негизсиз айыптап жатканы кошумчаланган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты кырдаалды объективдүү баалоого жана жаңжалды күчөтчү аракеттерге каршы турууга чакырган.

Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​ Анда алгач болуп кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырганы жана эки жолу кыргызстандыктар мергенчилик мылтыгынан ок атканы айтылган болчу.

Ошондой эле тажик тарап акыркы учурда кыргыз жарандары тарабынан ок атылган учурлар көбөйгөнүн белгилеп, акыркы жолу 2019-жылдын 29-декабрында бир тажик жаранынын өмүрүнө коркунуч туулганын эске салган.

Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн атайын органы жаңжал үчүн жоопкерчиликти кыргыз тарапка жүктөгөн.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасындагы Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын ортосунда чатак чыгып, туш келди ок атылган.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган жердеги тургундар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы мектептин имаратына жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар. Мындай аракет жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жасалды.

Азыркы маалда кыргыз-тажик чек арасында 9-январдан 10-январга оогон түнү болгон жаңжал боюнча Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү аяктады. Учурда чер ара тилкесинде кырдаал туруктуу, Кыргызстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG