Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Чек ара боюнча акцияга чыккандар бийликке алты талап коюшту


Чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция. 15-январь, 2020-жыл.
Чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция. 15-январь, 2020-жыл.

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өтүп жатат. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын жарыялады.

- Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин, - деди Айталиев.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлду. (BTo)

XS
SM
MD
LG