Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Баткенде митингге чыккандарды милиция таркатып жатат


Баткен шаарында митингге чыккандар. 15-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында митингге чыккандар. 15-январь, 2020-жыл.

Баткен шаарында Баткен районунун Көк-Таш айылында 11-январда кармалган төрт кишини бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкттын» аймактагы кабарчысы билдирди. Анын маалыматына караганда, нааразылык акциясына чыккандар менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов чыгып жолукту, бирок эл дагы эле тарабай турат.

Милиция митинг үчүн берилген убакыт бүткөнүн айтып элди таратып жатат.

Баткен облустук милициясы төрт киши былтыр 18-декабрда жана быйыл 11-январда кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

Маалымат боюнча, жогорудагы эки беренеге шектүү деп Зайнидин Бердиев, Улукбек Сапарбаев, Нурбек Сапарбаев жана Үсөн Сапарбаев камакта отурат.

Аларды бошотууну талап кылып 13-январда жана 15-январда да Бишкекте нааразылык акциялары өттү. (MdN)

XS
SM
MD
LG