Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Никитенко «Казактын» үй камагына чыгарылышын сынга алды (видео)


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарганын сынга алып, Жогорку сот буга көңүл бурушу керектигин айтты.

Ал парламенттин 16-январдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өкмөттү кылмыштуулук менен реалдуу күрөшүүгө чакырды.

- Сот Ошто «Казак» деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул киши бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жатат. Милиция уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан басымды сезип жатканын айтышууда. Мындай шартта эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынды? Жогорку сот буга көңүл буруш керек. Соттордун тартип комиссиясы бул чечим кандай негизде кабыл алынганын текшериш керек. Криминал менен реалдуу күрөшүүгө убакыт келди, - деди Никитенко.

Ош шаардык соту ушул жылдын 8-январында «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» Умар Маратовду үй камагына чыгарган. Судья чечим кабыл алууда Маратовдун туруктуу жашаган жери бар экенин эске алып, анын качып кетишине негиз жок деп тапкан.

«Казак» деген каймана ат менен белгилүү Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жиберген деп кармалган. Ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG