Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Чек ара чыры: жоопкерчилик жана милдет


Кыргыз-тажик чек арасы. 11-январь, 2020-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 11-январь, 2020-жыл.

16-январда Баткенде чек ара маселеси боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде Бишкектен барган бийлик өкүлдөрү чек арага байланыштуу акыркы окуяларда жергиликтүү кызматкерлердин жоопкерчилигин козгоду.

Башкы прокурор аларга «шалаакылык» беренеси менен иш козгосо болорун эскертти. Вице-премьер-министр жергиликтүү жетекчилерди "элди дүрбөлөңгө салат, митингге чыгат" деп күнөөлөдү.

Ошол эле кезде борбордук бийлик өз милдетин так аткара албай, жоопкерчиликти жергиликтүү жетекчилерге оодарып жатат деген пикирлер да айтылууда.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 16-январда Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешмеде жергиликтүү бийликтин ишин сындап, аларды жетиштүү иштей албай жатасыңар деп зекиди.

- Биздин президентибиз Сооронбай Шарипович чек арага чын жүрөгү менен күйүп жатат. Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, «маселени чечели» деп жатат. Бизди ошондуктан «маселени жеринде барып көрүп, чечкиле» деп жөнөттү. Бул жакта жергиликтүү бийлик «баарын Бишкек чечет» деп отурат. «Бишкек чечет» деген менен бул жактагы жетекчилердин да жоопкерчилигин көтөрүш керек да! Мыйзамдын талабы боюнча «мыйзам аткарылбаса, жетекчи жоопкерчиликке тартылат» деген жери бар. Жазык кодексинде «Шалаакылык» деген берене турат. Ишти козгоп туруп тергөөчүнүн кабинетине саргайтып күттүрүп коём.

Координациялык кеңештин жыйыны. 16-январь, 2020-жыл
Координациялык кеңештин жыйыны. 16-январь, 2020-жыл


Башкы прокурорго окшоп эле жергиликтүү бийликке күнөө койгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара боюнча Бишкектеги митингге катышкан айыл өкмөт башчыларына жана туугандарына тили өтпөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды.

- Бизде элди дүрбөлөңгө салып жаткан жетекчилер бар. Ошону толук кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго бериңиз. Мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилер менен... Бир жуманын ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго маалымат бериңиз, ал мага маалымат берет. Айыл өкмөт башчысы эл шайлаган жетекчи да. Силер отурасыңар!

Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен губернаторунун мурдагы орун басары Карамат Орозова борбордон Баткенге барган жетекчилердин жоопкерчиликти жергиликтүү бийликке жүктөгөнүнө кошулбайт. Ал борбордук бийликтен үмүтү үзүлгөн эл аргасыздан өз аракеттерин көрүп жатат деп эсептейт.

- Чек ара маселеси боюнча жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары чектелүү. Коопсуздукту сактоо, туруктуулукту сактоо укук коргоо органдарынын түздөн-түз иши болуп эсептелет. Алардын чек арада коопсуздукту сактоодо, туруктуулукту камсыз кылууда иши жетишсиз болуп жаткандыктан элдин баары кыйналгандан көчөгө чыгып жатат. Анан барып алып элди, жергиликтүү бийликти күнөөлөгөнү алардын алсыздыгы деп эсептейм. Алар чек ара боюнча чындыкты айткандарды камай баштады. Мунун баарын туура эмес деп эсептейм.

Баткендеги координациялык кеңешмеде Тажикстан менен чектеш жайгашкан Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев Бишкектеги чек арага байланышкан митингге катышканы да сынга алынган.

Адинаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде 8-январдан тарта эмгек өргүүсүндө экенин, Бишкекте окуп жаткан уулу ооруп, аны дарылатканы келгенин билдирди. Ошол эле учурда ал парламент депутаттарына чек ара маселесин жеткирүүнү максат кылганын жана Жогорку Кеңештин алдында митингде сөз сүйлөөгө мажбур болгонун белгиледи:

- Координациялык кеңешмедеги сөзгө анчалык деле бушайман болгонум жок. Мен элим-жерим үчүн жүрөгүм күйүп, чындыкты айтам. Бишкектеги музыкалык мектепте уулум окуйт, ошол катуу ооруп калгандыктан бул жакка келгем. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге элдин көйгөйлүү маселесин айтайын деп камданып жаткам. Ошол митингге тушташ келип калдым. Ал жерде сүйлөйүн деп деле ойлогон эмесмин, бирок элин үнүн жеткириш үчүн сүйлөгөнгө туура келип калды. Бул эми ага чейин деле президент, премьер-министр Баткенге барганда айтып жүргөн эле сөздөр болчу. Максатым элдин үнүн жеткирүү.

15-январда Ак үйдүн алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүүнү талап кылып, 100дөй киши акцияга чыккан. Анда Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуудан тышкары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү талабы да коюлган.

Чек араны чечүүнү талап кылгандар акцияга чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Акцияны уюштургандардын бири, Чек ара коомдук бирикмесинин мүчөсү Аскат Оморов бийлик чек арадагы аймактарга күчтүү кадрларды жолотпой жатат, ошондуктан сын айткандары туура эмес деген ойдо.

- Чечкиндүү кадрлар бар, аларды эч ким колдобой, кайра үстүнөн басып жатышат. Ошондой болуп жатса, алар да иштегиси келбейт. Баары эле бул жакты карап турат экен, чек арачысы деле, милициясы деле, администрациясы деле «Жеңиш Парпиевич көзөмөлдөйт, өзү чечсин» деп шылтоолоп. Бирок бул жерде борбордун күнөөсү – чечкиндүү кадрларды колдобой жатканында болуп жатпайбы.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан менен чек ара маселесин сүйлөшүүдө кыргыз делегациясын жетектеп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. 10-11-январдагы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы акыркы чек ара чырынан кийин эки тарап Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгууну караштырып жатат.

Баткен шаарында чек арадагы кырдаал боюнча өткөн координациялык кеңешмеге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Кеңешмени вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алып барды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG