Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

ТИМ: АКШга визалык чектөө маселеси элчи менен талкууланды


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Кошмо Штаттар кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизгени жатканы жөнүндөгү маалыматты тастыктаган жок. Бул тууралуу 23-январда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдиргенин улуттук «Кабар» агенттиги маалымдады.

Элчи 22-январда министрликке чакыртылганы белгилүү болду.

- Америка тарап, элчи мырза бул маалыматты азырынча тастыктаган жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер чектөө тууралуу чечим кабыл алынса терс кесепет болоруна, залакасы Кыргызстандын катардагы жарандарына тиерине көңүл бурдук, - деди министр.

Айдарбековдун айтымында, мындай сунушту АКШнын күч органдары бергени тууралуу маалымат бар. Себеби 2017-жылы Кошмо Штаттарда биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарынын бул өлкөгө киришин 2020-жылдан тартып чектей турган мыйзам кабыл алынган.

Министр кыргыз өкмөтү чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык паспорт жасап бере албай жатканынын объективдүү себептери бар экенин кошумчалап, визалык чектөө тууралуу чечим кабыл алганда АКШ ушул жагдайга көңүл бурарына үмүттөнөрүн айтты.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө киришин чектеген мыйзам долбоорун даярдап жатканы 21-январда белгилүү болду. Алар - Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея жана Танзания. (RK)

XS
SM
MD
LG