Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Флай Дүйшөмбүнү «Озодинин» кабарчыларына аккредитация берүүгө чакырды


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдо). Цюрих, 7-ноябрь, 2019-жыл.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдо). Цюрих, 7-ноябрь, 2019-жыл.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «тажик бийлиги эл аралык радионун Тажикстандагы кызматкерлеринин тоскоолдуксуз иштөөсүнө берген убадасын аткарбай жатат» деп билдирди. 21-январда жарык көргөн каттын көчүрмөсү тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин дарегине да жөнөтүлдү.

Катта мындай кырдаалда «Озоди» радиосу («Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы) Тажикстандагы ишмердигин «кайра карап чыгышы мүмкүн» деп айтылат.

21-январда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги «Озодинин» төрт кызматкеринин, анын ичинде техникалык адисинин аккредитациясын алты айга гана узарткан. Тажик мыйзамдарына ылайык, мекеме аккредитацияны же ишке уруксатты бир жылга берүүгө тийиш. Ушу тапта радионун жети кызматкеринин жумушка уруксаты жок, дагы жети кишиге былтыр октябрда кыска мөөнөткө аккредитация берилген.

Флай өз катында тажик бийлигин «Озодинин» бардык кызматкерлерине дароо аккредитация берүүгө дагы бир жолу чакырды.

Былтыр ноябрда Флай Швейцарияда тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушканда эл аралык радионун журналисттеринин Тажикстанда иштөө шарттары талкууланган.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму соңку баяндамасында расмий Дүйшөмбүнү сөз эркиндигин, маалымат алуу эркиндигин чектегени үчүн сындаган. «Озодинин» журналисттеринин айланасындагы кырдаал да сөз болгон.

Ага чейин АКШ Сенатынын айрым мүчөлөрү жана Конгресстин эки мүчөсү тажик бийлигин өлкө мыйзамдарына жана эл аралык конвенцияларга ылайык журналисттерге аккредитация берүү маселесин чечүүгө үндөшкөн.

«Озоди» радиосу Тажикстанда бейтарап жана объективдүү маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири болгондуктан, аудиториясы да чоң. Радионун сайты өлкөдөгү эң популярдуу маалымат ресурстарынын катарына кирет. «YouTube» каналына 900 миңдей колдонуучу жазылган.

XS
SM
MD
LG