Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

АКШ Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын жарыялаганы турат


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча көптөн бери күтүлүп жаткан тынчтык планын жакынкы күндөрү жарыялайт. Бул тууралуу Трамп 23-январда Швейцариядан АКШга учуп баратканда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул пландын чоо-жайы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен 28-январда Вашингтондо боло турганын жолугушуусунун алдында белгилүү болот.

- Бул мыкты план. Чындап иштей турган план, - деди Трамп.

Бирок Палестинанын лидерлери бул жарыяны айыптап чыгышты.

- Биз Израил менен АКШ администрациясын «кызыл чектерден» өтпөөгө чакырабыз, - деп билдирди Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын басма сөз катчысы Набил Рудейнех.

Вашингтон Израил менен Палестинанын ортосундагы карама-каршылыкты жөнгө салууну көздөгөн тынчтык планын түзүү аракетин эки жыл мурда баштаган. Бирок Палестинанын лидерлери Трамп Израилди жактаган саясат жүргүзүп жатканын билдирип, АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу боюнча чечимин кескин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG