Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Өкмөт: 400 миң наристе бала бакчага барбайт


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында бала бакча тартыштыгынан 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара албай жатканын билдирди.

- Бала бакчанын жоктугуна байланыштуу 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара алышпайт. Бул маселени чечүү боюнча күн сайын иштер жасалууда. Акыркы эки жылда эле 200дөн ашуун мектеп жана бала бакча курулду, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр өкмөт өлкөдөгү социалдык маселелерди чечүүгө маани берилип жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG