Кошмо Штаттарда «Боинг» компаниясы «Боинг 777Х» үлгүсүндөгү жаңы учагын сынады. Ал Эверетт шаарындагы аэропорттон учуп чыгып, төрт сааттан кийин Сиэтлге аман-эсен конду.
Узак сапарга ылайыкташкан, ичине 426 жүргүнчү баткан жана майды аз ичкен эки кыймылдаткычтуу «Боинг 777Х» учагын жасоо 2013-жылы башталган жана алгачкы ирет асманга былтыр эле көтөрүлүшү керек эле. Бирок «Боинг 737Х» үлгүсүндөгү эки учактын кыйрашынын улам аны сыноо кийинкиге калган.
Учак колдонууга 2021-жылы берилери кабарланган жана аны сатып алып алууга бир катар ири авиакомпаниялар менен алдын-ала келишим түзүлгөн.