Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Жанарбек Акаев: Прогрессивдүү жаштар бирикмей болдук


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында жарыялады.

Депутаттын айтымында, партия Бишкекте кеңсе ачты, 28-январда Ошто ачылган кеңседе жолугушуу өтөт.

- Жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Таза, жаңы Кыргызстанды куруу ниети бар жарандарыбыздын баарын бизге кошулууга чакырам, - деди Акаев.

Партия бет ачарын жакынкы күндөрү өткөрүүнү пландап жатат. Уюштуруучулардын катарында саясат талдоочу Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар экени айтылды.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Сейтек Качкынбай жакында бул шайлоого катышууга камынып жатканын маалымдаган болчу.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары «Биримдик» партиясы менен шайлоого бармак болуп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG