Болгариянын соту украиналык активист Екатерина Гандзюктун өлүмү үчүн шек саналган Алексей Москаленкону 40 күнгө камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга Украинанын прокуратурасы берген Интерполдун кызыл түстөгү эскертүүсү түрткү берди.
42 жаштагы украин жараны Москаленко 24-январда Болгариянын Бургас шаарында кармалган. Полиция шектүү Болгарияга 2018-жылы Румыния аркылуу өтүп келип, украиналык бир аял ижарага берген батирде жашап жүргөнүн билдирген. Ошондой эле Москаленко Интерполдун издөө жарыяланган адамдардын базасындагы сүрөтүнөн айырмаланыш үчүн сакал-мурутун өстүрүп алганы да белгилүү болду.
Украин прокуратурасы Болгарияда кармалган Алексей Москаленкону таанымал активист Екатерина Гандзюкка кол салууну уюштургандардын бири деп эсептейт.
Кезинде Украинанын Херсон шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси болуп иштеген Екатерина Гандзюкка 2018-жылдын 31-июлда өз үйүнүн жанында белгисиз адамдар күкүрт кычкылдыгын чачып кетишкен. Анын денесинин 40% күйүп кеткени, бир көзү көрбөй калганы аныкталган. Активист мындай жараатынан жакшы боло албай, 2018-жылдын 4-ноябрда 33 жашында Киевдеги ооруканада көз жумган.