Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Крымдык журналист Семенага чыккан сот өкүмү жокко чыгарылды


Крымдык журналист Николай Семена.
Крымдык журналист Николай Семена.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу (ЭЕ/АР) менен кызматташкан крымдык журналист Николай Семенага чыккан сот өкүмү жокко чыгарылды. Крымдын Симферополь шаарындагы соттун мындай чечими 28-январда журналисттин колуна тийди. Маалыматка ылайык, сот 69 жаштагы Семенаны толугу менен жазадан бошоткон бул чечимин эки жума мурда кабыл алган.

Николай Семенаны Украинанын Крым жарым аралындагы Москвага баш ийген бийлик 2016-жылдын апрель айында камакка алган. Ага ЭЕ/АРнын «Крым.Реалии» сайтына 2015-жылы жазган макаласында «Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган» деген айып коюлган.

2017-жылдын сентябрь айында Крымдын соту журналистти 2,5 жылга шарттуу кесип, ага үч жылга коомдук ишмердик менен алек болууга тыюу салган. АКШ, Европа Биримдиги жана ЕККУ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар соттун өкүмүн кескин айыпташкан.

XS
SM
MD
LG