Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Европарламент Брекзит келишимине добуш берет


Тим Барроу көтөрө келген документтерин өткөрүп берүүдө. Брюссел, 29-январь, 2019-жыл.
Тим Барроу көтөрө келген документтерин өткөрүп берүүдө. Брюссел, 29-январь, 2019-жыл.

Шаршемби эртең менен Британиянын Евробиримдиктеги элчиси Тим Барроу Брекзит боюнча документтерди тапшырыш үчүн Брюсселге келди. Колундагы дипломатка Евробиримдиктен кандай шартта бөлүнөрүн чечмелеген ратификациялык грамота салынган.

Британия парламенти бөлүнүүнү колдоп добуш берип, ага Еврокомиссия кол койгон. Эми Европарламент ратификациядан өткөрсө жума күндөн тартып Британия Европа Биримдигинен чыгат.

Андан соң 11 айлык өткөөл убакыт башталат. Бул мөөнөт ичинде Британия менен Евробиримдик эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы кандай болору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG