Британиялык суучул-экстремал, океандар маселеси боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун элчиси Льюис Пью Антарктида суусунда сүздү. Муну менен ал планетадагы климаттын өзгөрүшүнө, тагыраагы аба жылып, муздардын эрип баратышына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөн.
Пью сууга түшкөн учурда гидрокостюм кийип, коргоочу жабдууларды колдонгон жок. Пьюну коштоп жүргөндөр өлчөп көрүшсө суунун табы нөл градус, абаныкы -15 градус болуп чыкты. Кийинчерээк экстремал-элчи Москвада басма сөз жыйынын өткөрүп, Антарктида суусунда сүзүү өз ишинин бир гана бөлүгү экенин айтып берди:
- Эң негизгиси кийин башталат. Москвага, Вашингтонго, Бээжинге барып, дүйнөлүк лидерлер менен бир үстөлгө отуруп, аларга «бул аймактар коргоого муктаж, анткени биздин келечек ошондон көз каранды» деп түшүндүрүүгө аракет кыласың. Кээде четке сүрүлүп деле каласың дечи, бирок кайра-кайра барып, сурай бересиң. Өжөрлүк керек.
50 жаштагы экстремал Льюис Пью планетадагы бардык беш океанда узак аралыкка сүзүп көнгөн.