Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида мамлекеттик кызматтан кетти. Ал 29-январда президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана байланыш агенттигинин жетекчисин орун басарлыгынан кеткенин мекеменин Telegram-каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, Саида Мирзиёева менен кошо аталган агенттиктин директору Комил Алламжонов да өз эрки менен ишин тапшырып берген. Ошол эле күнү агенттиктин башчылыгына буга чейин директордун дагы бир орун басары болуп иштеп келген Дилшод Саиджанов дайындалды.
29-январда президенттик администрациянын башчысы катышкан жыйында Комил Алламжонов менен Саида Мирзиёева жеке менчик тармакта иштөө пландарын билдиришкен.
Алламжонов Маалымат жана байланыш агенттигин 2019-жылдын февралынан бери жетектеп келген. Мирзиёевдин кызы директордун орун басарлыгына ошол эле жылы апрелде дайындалган. Саида Мирзиёеванын күйөөсү Ойбек Турунов президенттик аппараттын жетекчисин орун басары болуп иштейт.
2018-жылдын январында президенттин кичүү кызы Шахноза Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин башкармалыгына жетекчинин орун басары болуп дайындалганы анык болгон.
Шавкат Мирзиёевдин расмий өмүр баянында эки кыз, бир уулу, беш небереси бар экени көрсөтүлгөн.