Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:33

Грета Тунберг өзүнүн атын товардык белги катары каттатат


Швециялык экоактивист Грета Тунберг.

Швециялык экоактивист Грета Тунберг өзүнүн атын жана өзү баштаган экологиялык кыймылдардын аталыштарын товардык белги катары каттоодон өткөрүүгө арыз берди. Бул тууралуу активист «Инстаграмдагы» барагына жазды.

«Менин атымды жана «Келечек үчүн жума күндөрүнүн» («Fridays for Future») аталышын менин уруксатым жок эле коммерциялык максатта колдонуп жатышат», - деп түшүндүрдү Тунберг.

Ал башка адамдар өзүнүн атын же кыймылдарынын атылышын акча табуу максатында колдонуп кетпеши үчүн ушул кадамга барууга аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Германиялык «Die Zeit» гезити жазгандай, климаттын өзгөрүшүнө каршы дүйнө лидерлерин чара көрүүгө чакырган активист товардык белгини каттоо тууралуу арызын 2019-жылдын декабрь айында эле берген.

17 жаштагы активист «Келечек үчүн жума күндөрү» («Fridays for Future»), «Климат үчүн мектептеги иш-таштоо» («Skolstrejk för Klimatet») аттуу экологиялык кыймылдардын башатында турганы менен белгилүү. Былтыр дүйнөдөгү бир катар мамлекеттерде Тунбергдин кыймылын колдогон миңдеген окуучулар көчөгө чыгышкан.

Өткөн айда америкалык «Time» журналы өспүрүм активистти «Жылдын адамы» деп тапкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG