Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Ирандык спортчу Олимпиадага Болгариянын атынан катышууну көздөйт


Фарзад Золгадри. София, 30-январь, 2020-жыл.
Фарзад Золгадри. София, 30-январь, 2020-жыл.

Ирандык спортчу, таэквондо чебери Фарзад Золгадри быйылкы Токио Олимпиадасына Болгариянын атынан катышуу ниети бар экенин айтып, «мындай чечимдин артында саясат жок» деп кошумчалады. Бир нече апта мурун дагы бир таэквондочу, Ирандын аялдар арасында жападан-жалгыз Олимпиада чемпиону Кимия Ализаде Германияга кеткен. Спортчу мекенинде аны үгүт максатында пайдаланып жатышканына даттанган.

30-январда Софияда Болгариянын курама командасы менен машыгуудан кийин Золгадри «спорттун бул түрү Болгарияда өтө популярдуу, ошондуктан оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүм жогору» деп айтты. «Мен Иранды жакшы көрөм, ал менин өлкөм», - деди 27 жаштагы спортчу.

Болгариянын Таэквондо федерациясынын башчысы Слави Бинев Золгадринин апрелде өтчү иргеп алуу мелдешине катыштырууга аракет жасалып жатканын билдирди.

Ирандык спортчу 2015-жылы Мехикодо дүйнө кубогунун күмүш медалын, 2009-жылы Азия чемпионатынын коло медалын жеңип алган. Атасы Ирандын таэквондо командасынын машыктыруучусу болчу.

XS
SM
MD
LG