Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Сейтек Качкынбай: КЛДПнын багыты - коррупцияны жоюу


Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) бет ачары болуп жатат.

Анда партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бул партиянын артында таасирдүү саясатчылар турбагынын белгилеп, уюм прогрессивдүү жаштардан биригип жатканын билдирди. Ал партиянын багыты эркин экономика, салык төлөөчүлөрдү көбөйтүү жана коррупцияны азайтуу экенин айтты.

Саясий майданга жаңыдан кошулуп жаткан партиянын курамында депутат Жанарбек Акаев, талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров баштаган жаш саясатчылар бар.

Элдар Абакиров алдыда жергиликтүү жана парламенттик шайлоо турганын айтты. Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Саясат талдоочулар шайлоо жакындаган сайын жаңы партиялар түзүлүп, саясатчылар биригип жатканын белгилешүүдө. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары «Биримдик» партиясы менен шайлоого барары да айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG