Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Ошто былтыр 27 мамлекеттик мекеме пайдаланууга берилди


Алайдын Күн-Элек айылында ачылган жаңы 225 орундуу мектептин ачылышы. 15-октябрь, 2019-жыл.
Алайдын Күн-Элек айылында ачылган жаңы 225 орундуу мектептин ачылышы. 15-октябрь, 2019-жыл.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 2019-жылы 32 социалдык мекеменин курулушун бүтүрүүнү көздөгөн болсо, жыл аягына 27 объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу «Азаттыкка» башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, облустун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондорунда 9 мектеп, беш спорт зал курулуп, пайдаланууга берилген. Мындан тышкары Ош шаарында Кытай мамлекетинин гранттык акчасына курулган оорукана, Алай, Араван, Өзгөн райондорундагы таза суу менен камсыз кылуучу төрт объект бар.

Мындан тышкары 8 мекеме капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Арасында Ош облустук ооруканасы, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн райондорундагы мектептер бар.

Башкармалыктын басма сөз кызматы былтыр планга киргизилип, бирок аягына чыгарылбай калган беш мекеменин курулушу быйыл аяктай турганын маалымдаган.

2019-жылы 27 мекемени бүтүрүп, пайдаланууга берүүгө жалпысынан 755,283 млн. сом сарпталган. Бул каражат «Капиталдык салым» беренеси боюнча бөлүнүп берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG