Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:10

ИМ тобу тажик түрмөлөрүндө тополоң чыгарууга аракет кылган


Тажикстандагы түрмөлөрдүн бири.

Тажикстандагы үч түрмөдө башаламандык уюштуруу аракети үчүн айыпталгандардын иши сотко өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Мекеменин башчысы Мансуржон Умаровдун айтымында, камактагы 30 адам «Ислам мамлекети», «Ансоруллах», «Өзбекстан ислам кыймылы» сыяктуу радикал топтор менен уюмдардын тарапташтары деп табылган.

«Вахдат шаарындагы абакта чыккан башаламандыктан кийин өлкөдөгү бардык түзөтүү жайлары текшерилген. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Дүйшөмбүдөгү эки жана Коженттеги бир түрмөдө террордук уюмдардын жашыруун топтору аныкталган. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон», - деди Умаров.

Былтыр «Азаттыктын» тажик кызматы Жаза аткаруу кызматындагы өз булактарына таянып, Дүйшөмбүдөгү №1 абакта камакта отурган адамдар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын билдирген.

Азырынча камактагылар менен алардын адвокаттарынын айыптар боюнча пикирлери белгисиз. Бул боюнча сот отурумдары жабык өтүүдө.

2019-жылы жарым жыл ичинде тажик түрмөлөрүндө эки жолу тополоң чыгып, 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында абак кызматкерлери да бар. Бул эки козголоңго тең жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу мойнуна алган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG