Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Зулушев: Референдум өткөрүү жөнүндө сунушумду коомдук талкууга коём


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Быйыл парламенттик шайлоо менен катар Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү сунушу берилгени жатат. Бул тууралуу 5-февралда “Азаттыктын” эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев билдирди.

Депутат бул сунушун жакын арада коомдук талкууга коёрун айтты.

Анын белгилешинче, референдумга Кыргызстанга башкаруунун кандай түрү, парламенттикпи же президенттикпи деген маанидеги суроо коюлат:

- Башкарууну эл тандашы керек. Референдум өткөрүү боюнча коомдук талкууга коём. Биз шайлоо өтүп жаткандан пайдаланып, элдин оюн билишибиз керек. Мен муну ойлоп тапкан жокмун, көпчүлүк “Баш мыйзам элдин ою менен жазылган эмес” деген көз карашта болууда. Мени президенттик башкарууну колдоп жатат деп ойлобогула, түпкүрүмдө мен парламенттик башкарууну колдойм.

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашканда элдик референдум аркылуу Конституция өзгөртүлүп, парламенттик башкаруу формасы тандалган. Бирок иш жүзүндө өлкө президенттик башкарууда деген пикирлер бар.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG