Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Ирандын жасалма жандоочу Жердин орбитасына жетпей калды


«Зафар» жандоочун учуруу. 9-февраль, 2020-жыл.
«Зафар» жандоочун учуруу. 9-февраль, 2020-жыл.

9-февралда Ирандын мамлекеттик телеканалы Иранда жасалган «Зафар» жасалма жандоочу орбитага жетпей калганын жарыялады. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ахмад Хоссейни «Зафар» жетиштүү ылдамдыкка ээ боло албай, «пландалгандай орбитага жетпей калганын» телеканалга айтты.

2019-жылдан бери Ирандын үч жолку жандооч учуруу аракетинен майнап чыккан жок. Вашингтон Тегеранды бул программасынын алкагында «баллистикалык ракеталарды жасап жатат» деп айыптап келет.

Кабарларда айтылгандай, Жердин төмөнкү орбитасына жандоочту жеткире турган эки баскычтуу, суюк отун менен дүрмөттөлгөн «Симорг» ракетасы Тегерандан 230 чакырым жердеги Семнан провинциясындагы Имам Хомейни атындагы космодромунан учурулган.

«Биринчи жана экинчи баскычта кыймылдаткыч талаптагыдай иштеп, жандооч ракетадан ажыраган. Бирок акыркы баскычта жандооч ылдамдыктын аздыгынан орбитага жетпей калган», – деди Хоссейни мамлекеттик телеканалга.

Хоссейни бул жолку сыноо ийгиликсиз болсо да, Ирандын космос программасындагы «олуттуу» жетишкендик деп баалады.

9-февралда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жаңы муундагы «Зохеир» деп аталган, кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракета чыгарганын билдирди.

XS
SM
MD
LG