Казакстан коронавируска байланыштуу Кытайдагы жарандарын алып келүүнү улантууда. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 11-февралга караган түнү атайын каттам менен 200дөн ашуун адам мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров маалымдады.
Казак элчилиги өз жарандарын Кытайдын 36 шаарынан жыйнап, Бээжинден түндө атайын рейс менен алып чыкты. Кайтып келгендердин көбү студенттер. Алардын арасында беш бала бар. Смадияров кошумчалагандай, Кытайда казак дипломаттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, иштеген казак жарандары өз ыктыяры менен калышты.
10-февралда Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы 700дөн ашуун казак жарандарынын 400гө чукулу мекенине алып кетүү суранычы менен кайрылышканын билдирди. Ал эми февралдын башында Казакстан коронавирустун очогу саналган Ухань калаасынан 83 студентти чыгарып кеткен. Алар менен кошо 18 кыргыз жараны да кайткан.
Тажик бийлиги 11-февралда Ухандагы жарандарына учак жөнөттү. Өзбекстан февралдын башында Бээжин жана Ухань шаарларынан 584 жаранын эвакуациялады.
Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын 11-февралга карата берген маалыматына ылайык, 1016 киши вирустан көз жумса, 3 996 адам айыгып чыккан. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 42 368 адам деп айтылат.