Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Орусия: Маданий ишмерлер саясий туткундарды колдошту


"Москва иши" үчүн айыпталган Егор Жуков, 10-август, 2019-жыл.
"Москва иши" үчүн айыпталган Егор Жуков, 10-август, 2019-жыл.

Жуздөн ашуун жазуучулар, акындар, журналисттер, котормочулар, адабиятчылар, публицисттер жана башка маданий, коомдук ишмерлер Орусиядагы саясий туткундарды колдоп кат жазышты. Каттын толук мазмуну OLTA.RU сайтына жарыяланды.

«Ар жума сайын Москва менен Петербургда метронун станцияларында адилеттик жана эркиндик талап кылып жүздөгөн адам чыгат. Бул апталык пикет Орусиянын башка шаарларында да салтка айланып баратат. Күн сайын Интернетте силер тууралуу чындыкты, силерге тагылган айыптарды, алардын эч бир мыйзамга туура келбестигин, силерге чыккан өкүмдөрдүн сот мыйзамына сыйбай турганын айтабыз. Силердин туугандарыңарга жана жакындарыңарга жардам берүүнүн жолун такай издеп жатабыз» - деп айтылат катта.

Москвадагы “Мемориал” укук коргоо борбору Орусияда 64 жаран саясий жүйө менен камалганын билдирет.

XS
SM
MD
LG