Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 18:49

Матраимов: бизге каршы криминалды колдонуп жатышат


Искендер Матраимов

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу депутат "Азаттыкка" комментарий бергенде айтты.

Анын алдында Матраимовдордон басым көрүп жатканын, өмүрлөрүнө коркунуч жаралганын айтып, президенттен жардам сураган эки жарандын видео кайрылуусу чыккан.

Искендер Матраимов муну каралоо деп баалады:

- Биздин спортчу балдарыбыз жок болсо, криминал менен ишибиз болбосо, биз (үй-бүлөбүз - ред.) Бишкекте жашасак, анысына да, мунусуна да аралаштырып, окшоштуруп жатышат. Мунун артында бирөө тургандай. Эми криминалды аралаштырып, бизди жаман көрсөткүсү келгендей сезилип жатат. Биздин криминалдар менен ишибиз жок.

Искендер Матраимовдун бир тууганы Райымбек Матраимов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары. Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган миллиондогон долларлар тууралуу 2019-жылы жасалган журналисттик иликтөөлөрдө анын да аты аталган.

Матраимовдордун Ошто "Эрем" деп аталган спорт клубу бар. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (82)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG