Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 00:36

«Норманд саммитин» утурлай Украина менен Орусия туткун алмашат


Киевде демонстрацияга чыккандар президенттер Путин менен Зеленскийдин шакаба сүрөтүн кармап турушат. 14-февраль, 2020-жыл.

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко «Норманд саммитин» утурлай Москва менен Киев туткундардын жоон тобун алмашарын билдирди. Бул тууралуу Пристайко украиндердин ICTV телеканалына айтты.

14-февралда Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин жана Владимир Зеленский телефондон сүйлөшкөндө туткун алмашуу тууралуу да сөз болгон. Киев билдиргендей, «убактылуу оккупацияланган Донбасста, Крымда жана Орусияда кармалгандарды бошотуу» талкууланган.

Украинанын чыгышындагы куралдуу тирешүүнү басуунун жолун издеген «Норманд форматындагы» жолугушуу апрелде Берлинде өтөт. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинаны «макулдашууну ишке ашырбай, аны менен жазында болчу саммиттин ишин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн» деп айыптаган.

Украина, Орусия, Франция жана Германия кирген «Норманд төрттүгүнүн» жолугушуусу былтыр Парижде өткөн. Сүйлөшүүгө Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон ортомчулук кылган.

XS
SM
MD
LG