Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Ооганстандагы шайлоодо Ашраф Гани жеңгени расмий жарыяланды


Ооган президенти Ашраф Гани. 3-май, 2019-жыл.
Ооган президенти Ашраф Гани. 3-май, 2019-жыл.

Ооганстандын Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, азыркы мамлекет башчы Ашраф Гани добуштардын 50,64% алуу менен экинчи мөөнөткө шайланды.

Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла шайлоочулардын 39,52% колдоосуна ээ болгонун шайлоо комиссиясы Кабулда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Ал эми үчүнчү орунду Ооганстандагы таанымал мурунку кол башчылардын бири Гүлбеддин Хекматияр ээледи. Бул ирет добуш берүүгө укуктуу тогуз миллиондой оогандын 1,8 миллиону гана шайлоого катышкан.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо бир нече жолу жылдырылган.

2014-жылдагы президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу болууга көнүп, мунаса табылган эле.

XS
SM
MD
LG