Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Бишкекте мектептер менен бала бакчаларга пандус орнотууга акча бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин жүзгө жакын мектепер менен бала бакчанын кире беришине пандус орнотулат. Бул тууралуу 20-февралда баш калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул үчүн шаардык бюджеттен 4,5 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул акчага 51 мектепте жана 37 бала бакчада пандус курулат.

Айрым укук коргоочулар белгилегендей, Бишкектеги имараттардын 97% майыптарга ыңгайлашкан эмес.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек.

Майыптардын айтымында, республикада 2008-жылы кабыл алынган «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам дээрлик иштебейт.

Кыргыз өкмөтү бул социалдык катмардын маселелерин чечүү боюнча акыркы айларда чечкиндүү аракеттер жүргөнүн айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG