Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Нур-Султанда жалгыз жаран кытай элчилигинин алдына пикетке чыкты


Кытай элчилигинин алдына чыккан Байболат Күнболотулы. 20-февраль, 2020-жыл.
Кытай элчилигинин алдына чыккан Байболат Күнболотулы. 20-февраль, 2020-жыл.

Нур-Султан шаарындагы Кытайдын элчилигинин алдында жалгыз адам пикетке чыгып, Шинжаңда камакта отурган инисин бошотууну талап кылды. Алматынын тургуну Байболат Күнболотулы иниси Баймурат 702 күндөн бери абакта отурганын, анын өлүү же тирүү экенин билбей турганын айтып берди. Ал бир тууганынын сүрөтү менен кошо «Иниме боштондук!», «702» күн деген жазууларды да көтөрүп турду.

«Кытайдагы туугандарым кысымдан коркуп, телефонго жооп беришпейт. Инимди бошотмоюнча пикетке чыга берем», - деди Байболат.

Анын айтымында, 30 жаштагы иниси Баймурат эки жыл мурда кармалып, «саясий лагерге» жөнөтүлгөн. Кийин белгисиз себептер менен 10 жылга соттолуп кеткен. Элчиликтин алдындагы пикетке алты полиция кызматкери көз салып, алардын бирөө видеого тартып жатты. Түшкө жуук Кытайдын элчигинин бир кызматкери Күнболотулынын кайрылуусун алып, үч күн ичинде жооп берерин билдирди.

Соңку бир канча жылдан бери Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу улуттардын өкүлдөрү саясий лагерлерге негизсиз кармалып жатканы кабарланып жүрөт. Расмий Бээжин Шинжаңда мусулман коомчулугунун укугу бузулду деген маалыматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG