Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 23:40

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды


Айпери Медет кызы.

Балбан Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште жапониялык балбан Хирое Минагава Сузукиге 4:1 эсебинде утулуп калды. Хирое Минагава Азия чемпиону атыкса, Айпери күмүш медалга ээ болду.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айпери Медет кызы күрөшкөн 76 килограммга чейинки салмакта 7 балбан кыз эки тайпага бөлүнүп күч сынашты.

Биринчи айлампада Айпери Медет кызы өзбек балбаны Муслиха Моминованы 11:0 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда жапониялык Хирое Минагава Сузукиге утулуп калды. Тайпада экинчи орунду ээлегени үчүн Айпери жарым финалда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда казак кызы Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде жеңди.

Бүгүн кыз-келиндер күрөшүнөн 59 килограммга чейинки салмакта Назира Марсбек кызы килемге чыгып, экинчи кармашында утулуп калып мелдештен четтеди.

Эртең, 21-февралда күрөштүн ушул эле түрүнөн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2019-жыл) Нураида Анаркулова күч сынашат. Айсулуу буга чейин үч ирет Азия чемпиону атыккан.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары Азат Салидинов (87 кг)​ менен Жоламан Шаршенбеков күмүш байгелердин ээси болсо, Роман Ким (130 кг), Ринат Ильяс уулу (77 кг) менен Руслан Царев (72 кг) коло медаль тагынды. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG